Конгрессвумен: “Трамп Украинадагы жаңжалды токтотууга жетише алат”
АКШнын Өкүлдөр палатасынын мүчөсү Анна Паулина Луна президент Дональд Трамп Орусия менен Украинанын ортосундагы жаңжалды токтотууга жетишет деген ишенимин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал саясий баяндамачы Гленн Бек жүргүзгөн подкастта сүйлөп жатып, АКШ администрациясындагы талкууларга таянып, Трамптын негизги мурасы дал ушул тынчтык келишими болорун айтты.
«Биз Орусия менен Украинанын ортосунда тынчтык келишимине жетишебиз жана бул президент Трамптын тарыхтагы негизги мурасы болуп калат», — деди Луна.
Ошондой эле конгрессвумен мындай жыйынтыкка АКШ Конгрессиндеги айрым мүчөлөр нааразы болушу мүмкүн экенин айтып, алардын айрымдары мындан ары инвестициялык портфелдеринен мурдагыдай көп киреше таба албай каларын белгиледи.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















