super.kg logo

АКШ басылмасы: Трамп Иран менен жаңжалдан чыгуунун жолун таба албай жатат

 

АКШнын Иранга карата жүргүзүп жаткан стратегиясы туңгуюкка кептелди. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазды.

Басылманын маалыматына ылайык, АКШнын президенти Дональд Трамп өткөн дем алыш күндөрү Иран менен толук масштабдуу согушту кайра баштоо мүмкүнчүлүгүн четке каккан. Ошол эле учурда ал өзү баштаган жаңжалдан чыгуунун натыйжалуу жолун таба элек.

Макалада Иран күтүлгөндөн алда канча туруктуу каршылык көрсөтүп, АКШ үчүн оңой атаандаш болбой калганы белгиленет. Авторлордун пикиринде, эгер кырдаал жөнгө салынбаса, жаңжал Жакынкы Чыгыштын бүтүндөй аймагына жайылып кетүү коркунучу бар.

Мындан мурда америкалык ЖМКлар АКШ Иранга каршы эки жумалык аба операциясынын планын даярдаганы тууралуу да кабарлашкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: