Австралия Telegram'ды сотко берди
Австралиянын интернет коопсуздугу боюнча жөнгө салуучу органы (eSafety) Telegram мессенжерин террордук мазмундагы материалдарды өз убагында өчүрбөгөнү үчүн Федералдык сотко берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, бир жылга созулган иликтөөнүн жыйынтыгында Telegram австралиялык колдонуучулардан эскертүү түшкөндөн кийин да террордук уюмдардын видеолорун жана башка экстремисттик материалдарды бир нече жума бою өчүрбөй келген.
Айтылгандай, айрым материалдарга арыз түшкөндөн кийин дагы үч жумага чейин платформада ачык бойдон калган.
Эгер сот жөнгө салуучу органдын дооматын канааттандырса, Telegram'га 54,6 миллион австралия доллары (болжол менен 38 миллион АКШ доллары) өлчөмүндө айып пул салынышы мүмкүн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















