super.kg logo

Таиланддагы диний зыярат учурундагы жол кырсыгынан тогуз буддист кечили каза болду

 

Таиланддын түндүк-чыгышындагы Мукдахан провинциясында диний зыярат учурунда болгон жол кырсыгынан тогуз буддист кечили каза болуп, дагы кеминде 13 адам жаракат алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, 11 жаштагы бала ата-энесинин пикап унаасын башкарып бара жатып, жол боюнда жөө бара жаткан буддист кечилдердин тобун сүзүп кеткен.

Кырсык болгон учурда 35 кечил жана бир нече дин жолдоочусу салттуу жөө зыяратка чыгып, Убонратчатхани провинциясына карай 260 чакырымдык жолду басып өтүүнү башташкан. Алар жолго чыккандан болжол менен 30 мүнөт өткөндөн кийин кырсык катталган.

Окуянын себептери боюнча иликтөө жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: