super.kg logo

Бишкекте үйүнө баңгизат өстүрүүгө шектелген жаран кармалды (видео)

 
Бишкекте 39 жаштагы жаран баңгизаттарды өстүрүүгө жана мыйзамсыз сактоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, анын үйүнүн короосунан өстүрүлүп жаткан 13 түп кара куурай, анын жалпы салмагы 175 граммды түзөт жана 110 грамм кара куурай баңгизаты табылган. Мындан тышкары үйдүн чатырынан 5 килограмм болгон гашиш баңгизаты салынган үч полиэтилен баштык алынган.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Алынган заттарга соттук-химиялык экспертиза дайындалды.
Учурда бул мыйзамсыз ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.





Бишкекте үйүнө баңгизат өстүрүүгө шектелген жаран кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: