super.kg logo

Камактагы Атамбаевдин уулу "75чилерге" чыккан өкүмдөн кийин кат жазды

 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, абакта отурган Кадырбек Атамбаев кайрылуу жасады. Анын жазган катын карындашы Алия Шагиева соцтармактагы баракчасына жарыялады.

Катта ал уюшкан кылмыштуу топтор менен байланышы жоктугун жана курал-жарагы болбогонун белгилеген. Ошондой эле ал өзүнө карата козголгон кылмыш ишти негизсиз деп сыпаттап, "75чилердин" ишине салыштырган.

"75чилердин катына" байланыштуу иш бир айда эле тергелип бүттү. Ал эми Темирлан Султанбеков экөөбүздүн ишибиз жети айдан ашык убакыт тергелди. Бул тарыхый адилетсиздик. Мен Максим Бакиев же Айдар Акаевдей болуп банк ачып же бизнести рейдерлик менен тартып алганым жок. Бирок, ага карабай, мен сегиз айдан бери тергөө абагында отурам", - жазылган анда.

Эске салсак, 22-ноябрда Ички иштер министрлиги "Социал-демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырууга шектелип кармалганын кабарлап, анын белгисиз адам менен сүйлөшкөн видеосун тараткан. Маалыматта Султанбековдун үйү тинтүүгө алынып, өзү милицияга жеткирилгени айтылган.

Ошол эле күнү мурдагы преиздент Алмазбек Атамбаевдин кызы Алия Шагиева социалдык тармактагы баракчасында апасы менен бир тууганы кармалганын, суракка киргизилгенин билдирген. Ал күнү кечинде Раиса Атамбаева коё берилген.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи Май райондук соту Султанбеков менен Кадырбек Атамбаев массалык баш аламандыктарды уюштурууну көздөгөн деген шек менен 17-январга чейин камакка алынганын маалымдаган. Алар менен бирге дагы ИИМ тарабынан кармалган 8 адам камакка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: