Кабо-Верде футбол курамасын салтанат менен тосуп алды (видео)
Футбол боюнча Кабо-Верде курама командасынын оюнчуларын Дүйнө чемпиондугунан кайтып келгенден кийин миңдеген күйөрмандар салтанаттуу тосуп алышты.
Команда отурган учак жекшемби күнү өлкөнүн борбору Праядагы Нельсон Манделанын атындагы аэропортко конду. Социалдык тармактарда тараган видеолордо күйөрмандардын аэропортко жана анын айланасына чогулуп кураманы салтанаттуу тосуп алышканын көрүүгө болот.
Кабо-Верде курама командасы өз тарыхында биринчи жолу дүйнө чемпиондугунун финалдык баскычына катышты. Бул жылдагы дүйнө чемпиондугунда команда 1/16 финалга чейин жетип, Аргентина курамасына 2:3 эсебинде утулуп калды.
Маалымат үчүн: Кабо-Верде — Батыш Африканын жээгиндеги Атлантика океанындагы аралда жайгашкан мамлекет. Борбору — Прая (Сантьяга аралында).
Кабо-Верде футбол курамасын тосуп алды
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















