Оштогу кулпунай чыры: Дыйканга кол көтөргөндөрдүн үчөө камакка алынды
Ош шаарындагы базарда кулпунайын тээп чачып, дыйканга кол көтөргөн окуя боюнча кармалгандар жазага тартылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милиция билдирди.
Маалым болгондой, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө окуяга тиешеси бар деп шектелген төрт жаран кармалып, аларга кылмышка шектүү катары айып угузулду.
"Кармалгандардын үчөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми дагы бир жарандын жашы жете элек балдары бар экендиги эске алынып, үй камагына бошотулду. Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын толук, ар тараптуу жана объективдүү аныктоого багытталган тергөө амалдары улантылууда", - деп кабарлады шаардык милиция.
Эскерте кетсек, дыйканды калаа башчысы жеке кабыл алып, жаңы базардан орун бөлдүртүп берди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















