super.kg logo

Бишкекте жолдор жабылат: тургундарга убактылуу шаардан чыгып туруу сунушталды

 

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30–31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган эл аралык иш-чараларга байланыштуу борбор калаанын тургундарына кайрылуу жасады.

Анын айтымында, бул күндөрү Бишкекте Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтөт. Өлкөгө 21 мамлекеттин жетекчилери, алардын айрымдары биринчи айымдары менен келишет. Ошондой эле бир катар президенттердин Кыргызстанга мамлекеттик сапарлары да пландалган.

Ушуга байланыштуу борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, жолдор убактылуу жана тез-тез жабылып турушу мүмкүн.

Аскат Алагөзов Бишкек шаарынын тургундарын мүмкүн болсо бул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып турууга чакырып, шаар ичинде жүрүүдө ыңгайсыздыктар жараларын эскертти.

Ошондой эле ал мектептер менен жогорку окуу жайларында окуу 15-сентябрдан башталарын белгилеп, 1-сентябрга карата Бишкекке шашылыш келүүнүн зарылдыгы жок экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: