Кам көрүү системи: Кыргызстан 2030-жылга чейинки артыкчылыктарын жарыялады
Кыргызстан Молдовада өткөн эл аралык форумда балдарга жана улгайган адамдарга кам көрүү системин өнүктүрүү боюнча төрт улуттук артыкчылыктуу багытты сунуштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-ноябрда өткөн форумга министрдин орун басары Аида Исатбек кызы катышты. Иш-чара Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн 2026-2030-жылдарга карата аймактык иш-аракеттер программасын ишке киргизүүгө арналды. Демилгеге 16 өлкө катышарын тастыктаган.
Кыргызстан төмөнкү багыттарга көңүл бурат:
* Айылдык жана алыскы аймактарда сапаттуу кам көрүү кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү;
* Бул тармакта иштеген кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу;
* Каржылоо булактарын тартуу;
* Кам көрүү маселелерин мамлекеттик программаларга киргизүү.
Ошондой эле үй-бүлөлүк милдеттерди аялдар менен эркектердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүүгө басым жасалат.
БУУнун Аялдар түзүмүнүн маалыматына ылайык, Европа жана Борбордук Азияда аялдар үй жумуштарын жана жакындарына кам көрүү боюнча акы төлөнбөгөн иштерди эркектерге караганда 3,4 эсе көп аткарышат. Ал эми акы төлөнүүчү кам көрүү тармагындагы кызматкерлердин 75 пайыздан ашыгын аялдар түзөт.
Аймактык программа 2030-жылга чейин ишке ашырылып, өлкөлөрдүн кызматташтыгын, тажрыйба алмашуусун жана социалдык саясатты өркүндөтүүнү камтыйт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















