Бишкектиктер көчөлөрдүн жаңы аталышын онлайн биле алышат
Борбор калаадагы көчөлөрдүн аталыштарынын өзгөрүшүнө байланыштуу шаар тургундары жаңыланган даректерди ыкчам текшере алган атайын функция иштелип чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, аталган функция "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыкты. Ага ылайык, көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн тиешелүү номерин онлайн билүүгө болот.
Даректи текшерүү үчүн https://e-meria.kg/ порталына киресиз. Издөө сабына көчөнүн мурдагы аталышын жана үйдүн номерин киргизесиз. Систем сизге көчөнүн жаңы аталышын жана үйдүн жаңыланган номерин көрсөтөт.
Эскерте кетсек, буга чейин борбор калаадагы бир катар көчөлөрдүн аталыштары өзгөртүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:22
2026-11-04
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















