super.kg logo

Панфилов РЭТинин башчысы ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды

 

УКМК Чүй электр тармактары ишканасындагы коррупциялык схеманы аныктаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, кызмат адамдары электр энергиясын эсепке алуу жабдыктарын айланып өтүп, улуттук электр тармагына мыйзамсыз кошуу үчүн жарандардан системдүү түрдө акча талап кылып келишкен.

6-июлда Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгү (Пара алуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Панфилов РЭТинин башчысы Т.У. өзгөчө ири өлчөмдө пара алып жаткан жеринен кармалды. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: