УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков кармалганы айтылууда
Айрым маалымат булактары УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Уранбек Шадыбеков коррупцияга шектелип Аскер прокуратурасы тарабынан кармалганын жазышууда.
Маалыматка ылайык, бул иш боюнча атайын кызматтын дагы бир нече мурдагы кызматкерлери шектелип жатат.
Учурда бул маалымат боюнча тийиштүү кызматтардан расмий комментарий бериле элек.
Эскерте кетсек, Шадыбеков быйыл февралда УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалган. Ал буга чейин улуттук коопсуздук органдарынын системинде иштеген. Ал эми 8-июнда президенттин жарлыгы менен кызматтан бошотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















