
Бүгүн, 8-июлда өлкөнүн түштүк аймагында 2 жолу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан маалымдашты.
Ага ылайык, биринчи жер титирөө саат 01:54тө катталды. Анын очогу Тоскоол айылынан түштүк-батышка карай 7 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка карай 22 чакырым, Манас шаарынан түндүк-батышка карай 35 чакырым аралыкта жайгашып, күчү 4 баллды түзгөн.
Жер титирөө Тоскоол, Кара-Булак жана Гелеген айылдарында 4 баллга чейин, Эски-Масы, Алма, Кызыл-Октябрь, Масы жана Советское айылдарында 3,5 балл, Майлуу-Суу шаарында, Базар-Коргон, Кочкор-Ата жана Уч-Булак айылдарында 3 балл, ал эми Арсланбаб, Жай-Терек айылдарында жана Манас шаарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Экинчи жердин силкинүүсү саат 04:42де катталып, күчү 4,5 баллга жетти. Жер титирөөнүн очогу Тажикстандын аймагында, Кара-Тейит айылынан түштүк-батышты көздөй 40 чакырым, Баткен шаарынан түштүк-чыгышты көздөй 110 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу конуштарда Кара-Тейит жана Карамык айылдарында 3 балл, Шибээ жана Кулчу айылдарында 2,5 балл күчүндө сезилген.