Кыргызстанда Жаш жайытчылардын аймактар аралык жайкы мектеби өткөрүлдү
Быйыл жайыттардын жана жайыт малчыларынын эл аралык жылы алкагында Кыргызстанда Жаш жайытчылардын аймактар аралык жайкы мектеби өткөрүлдү.
Ага Азия жана Африка өлкөлөрүнөн келген жаш жайытчы жана жайыт пайдалануучу лидерлер катышып, билим жана тажрыйба алмашып, лидерлик көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Бир жумага созулган программа 12-18-июль күндөрү Бишкек шаарында, Суусамыр өрөөнүндө, Соң-Көлдө жана Ысык-Көлдө өттү. Жайкы мектепке Индия, Индонезия, Кения, Сомали, Шри-Ланка, Германия жана башка өлкөлөрдөн келишкен. Ошондой эле Кыргызстандын өкүлдөрүн кошкондо 50дөн ашуун жаш жайытчылар катышты.


Мектептин өзгөчө маанилүү катышуучулары- ФАОнун Жашыл климаттык фонду тарабынан каржыланган "Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин секвестрациясы" долбоорунун төрт пилоттук району – Ак-Талаа, Сузак, Тогуз-Торо жана Өзгөн райондорунан келген Жаратылышты башкаруу жамааттык топторунун сегиз жаш мүчөсү болду.
Сынактык тандоонун негизинде тандалып алынган бул жаштар туруктуу жайыт башкарууга, мониторинг жүргүзүүгө жана ландшафттарды калыбына келтирүүгө активдүү катышкан жергиликтүү жамааттардын өкүлдөрү болуп саналат.


Апта бою алар билимдерин тереңдетип, лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүштү, ошондой эле ар түрдүү өлкөлөрдөн келген катышуучулар менен практикалык тажрыйба алмашышты.
Жайыттарды башкаруу, климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашуу жана жаратылыш ресурстарын жергиликтүү деңгээлде башкаруу боюнча инновациялык ыкмалар боюнча практикалык воркшопторду өтүштү.
"Дени сак жайыттар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу жана айыл калкынын жашоо каражаттарын колдоо үчүн абдан маанилүү. Ошондуктан жаш жайытчылардын дараметин күчөтүү – жер ресурстарын туруктуу башкаруунун келечегине салынган эң маанилүү инвестициялардын бири",- деди Кыргыз Республикасындагы ФАО өкүлү Олег Гучгельдыев.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму, Эл аралык Жер Коалициясы, Кыргызстандын Улуттук Жер Коалициясы жана Кыргыз токой жана жер пайдалануучулар ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















