Нурдан Орунтаев Ош шаарындагы жаңы мектептердин курулушун текшерди
Бүгүн, 30-июлда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Ош шаарына барып, жаңы мектептердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, министр алгач тиешелүү жетекчилер жана жооптуу адистер менен жыйын өткөрүп, социалдык объекттердин курулушу боюнча маалымат алды. Андан соң курулуш аянттарын кыдырып, аткарылып жаткан иштердин сапатына, курулуш материалдарына, эмгектин уюштурулушуна жана жумушчулардын санына өзгөчө көңүл бурду.
Президенттин тапшырмасына ылайык, учурда Ош шаарында 10 жаңы мектеп курулууда. Алардын катарында 1200 орундуу №2 мектептин жаңы имараты, 1 000 орундуу №3 мектеп, 1200 орундуу Барпы Алыкулов атындагы мектептин жаңы корпусу, ошондой эле Ак-Буура, Эне-Сай, Ишкаван, Сары-Зоо жана Сүрөттүү-Таш аймактарындагы жаңы билим берүү мекемелери бар.
Иш сапарынын соңунда министр тиешелүү жетекчилерге курулуш иштеринин сапатын жана жүрүшүн туруктуу көзөмөлдөөнү, ошондой эле бардык объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүүнү камсыздоо боюнча тапшырма берди.
Жаңы мектептердин курулуп бүтүшү Ош шаарындагы билим берүү инфраструктурасын жакшыртып, миңдеген окуучулар үчүн заманбап жана коопсуз шартта билим алууга мүмкүнчүлүк түзөрү белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















