"Өспүрүм-каратэ" тасмасында башкы ролду жараткан Жейден Смит 28 жашка толду
Бүгүн, 8-июлда "Өспүрүм-каратэ" тасмасында башкы ролу менен таанылган, америкалык актёр Жейден Смит 28 жашка толду. Ал Калифорния штатынын Малибу шаарында белгилүү актёрлор Уилл Смит менен Жада Пинкетт Смиттин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын ортончусу.
Жейден Смит чыгармачылыкка кичинекей кезинен аралаша баштаган. Алгач 2003-жылы ата-энеси тарткан "Баары биз жөнүндө" сериалында роль жаратып, актёрдук карьерасын баштаган. Анын чоң экрандагы дебюту 2006-жылы болгон. Жейден атасы Уилл Смит менен бирге "Бакытты издөө" тасмасында тартылып, көрүүчүлөрдүн көңүлүн бурган. Жаш актёрдун тасмада табигый жана таасирдүү аткаруусу жогорку баага татып, бул ролу үчүн MTV кино сыйлыгына ээ болгон.
2008-жылы Киану Ривз менен "Жер токтогон күн" аттуу илимий-фантастикалык тасманын жаңыланган версиясында роль жаратып, жаш актёр катары "Сатурн" сыйлыгына татыган. Буга утурлай каратэ өнөрүн бир жыл бою үйрөнүп, 2010-жылы белгилүү актёр Жеки Чан менен бирге "Өспүрүм-каратэ" тасмасында башкы ролду аткарган. Тасма дүйнө жүзү боюнча ийгиликке жетип, Смиттин актёрдук жөндөмү жана спорттук даярдыгы көрүүчүлөр тарабынан жогору бааланган.
2013-жылы Жейден атасы менен кайрадан биргеликте "Биздин заманга чейин" тасмасында роль жараткан. Бирок бул тасма анын башка эмгектеринен айырмаланып сынчылар тарабынан жакшы кабыл алынган эмес. Атүгүл Жейден бул ролу үчүн "Алтын малина" сыйлыгында "Эң начар эркек актёр" номинациясына татыган. 
Жейден Смит музыка тармагында да өзүн сынап көрүп, Жастин Бибер менен биргеликте "Эч качан багынба" аттуу ырын жаздырган. Кийинчерээк The Cool Cafe жана Cool Tape Vol. 2 аттуу микстейптерин чыгарган. 2017-жылы Жейден Смит музыкадагы жаңы этабын баштап, Syre аттуу алгачкы студиялык альбомун чыгарган. Альбомдо ASAP Rocky жана анын карындашы Уиллоу Смит да катышкан. Syre альбому хип-хоп күйөрмандары тарабынан жакшы кабыл алынып, Billboard 200 музыкалык рейтингинде 24-орунга чейин жеткен.
Акыркы жылдары Жейден Смит мода тармагына да активдүү аралаша баштады. Ал белгилүү Christian Louboutin брендинин эркектер багыты боюнча чыгармачыл директору болуп дайындалып, бренддин жаңы коллекцияларын жана чыгармачылык концепцияларын иштеп чыгууга катышууда.
Бүгүнкү күндө ал Голливуддагы актёрлугу жана музыкалык чыгармачылыгы менен белгилүү болгон көп кырдуу өнөрпоздордун бири. Ал белгилүү үй-бүлөдө төрөлгөнүнө карабай, өз күчү, таланты менен чыгармачылык жолун түзүп, кино жана музыка тармактарында ийгилик жаратып келет.
8-июлга карата жылнаама.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















