Трамп НАТОго нааразычылыгын кайталады
АКШнын президенти Дональд Трамп НАТОнун бир нече мүчөлөрүнүн аракеттерине нааразычылыгын кайталады.
"Мен НАТОнун Гренландия боюнча позициясынан улам нааразымын",- деди ал Анкарада альянстын саммитинин алкагында журналисттерге.
Ал ошондой эле Иранга сокку уруу учурунда АКШга жардам берүүдөн баш тарткандыгы үчүн альянстагы өнөктөштөрүн дагы бир жолу сынга алган. Трамп АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүн коргоого өтө көп миллиарддаган доллар коротуп жатканын белгилеген.
Айта кетсек, Трамп Гренландияны Кошмо Штаттардын курамына кошуу керектигин байма-бай айтып келет жана бул идеясын колдобогону үчүн Европа өлкөлөрүнө нааразычылыгын билдирген. Ал НАТОдон Иранга болгон согушта дагы жардам болбогонун сындайт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















