Эрдоган: “Түркия Ормуз кысыгын миналардан тазалоого жардам берүүгө даяр”
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Анкарада өткөн НАТО саммитинде өлкөсү аймактагы чыңалууну азайтуу боюнча дипломатиялык аракеттер менен катар Ормуз кысыгын миналардан тазалоого керектүү салым кошууга даяр экенин билдирди.
“Дипломатиялык аракеттерибизден тышкары, Ормуз кысыгын миналардан тазалоого зарыл болгон салымды кошууга даярбыз”,- деди Эрдоган.
Ошондой эле ал Жакынкы Чыгыштагы туруктуу тынчтыкка жетүүнүн жалгыз жолу эки мамлекеттин тынчтыкта жанаша жашоо принцибин ишке ашыруу экенин дагы бир жолу белгиледи. Президенттин айтымында, эл аралык коомчулук Газа сектору жана Ливан аймагында ок атышууну токтотуу жана тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн биргелешип аракеттениши зарыл.
Ормуз кысыгы Перс булуңу менен Оман булуңун бириктирген дүйнөдөгү эң маанилүү деңиз жолдорунун бири болуп саналат. Ал аркылуу дүйнөлүк мунай жана суюлтулган жаратылыш газын экспорттоонун болжол менен бештен бири ташылат. Ошондуктан бул аймактагы кеме каттамдарынын коопсуздугуна байланышкан ар кандай коркунучтар дүйнөлүк энергетикалык рынокко жана экономикага олуттуу таасир тийгизет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















