АКШ Ормуздагы кемелерди коргоо үчүн 90 бутага сокку урганын билдирди
АКШнын Борбордук командачылыгынын маалыматы боюнча, Иранга каршы акыркы сокку уруу учурунда болжол менен 90 аскердик бутага чабуул жасалган.
"АКШ күчтөрү Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге кол салуусунун алдын алуу үчүн Иранга каршы дагы бир сокку урууларды аяктады",- деп айтылат командачылыктын билдирүүсүндө.
Анда соккулар Ирандын абадан коргонуу системдерине, жээктеги байкоо каражаттарына, ракета жана дрондорду сактоочу жайларына, деңиз курулмаларына жана Ирандын жээгиндеги аскердик логистикалык инфраструктурага багытталганы белгиленген.
Билдирүүгө ылайык, бир күн мурун АКШнын аскерлери Ирандын 80ге жакын аскердик бутасына, анын ичинде 60тан ашык чакан кайыктарына сокку урган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















