super.kg logo

Венесуэла бийлиги жер титирөөнүн зыяны боюнча маалымат берди

 

Венесуэлада 24-июнда катталган жер титирөөлөрдө каза болгон жарандардын саны 3 миң 811 адамды түздү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригеске таянып жазышты.

Родригестин айтымында, жаратылыш кырсыгынан 16 миң 740 адам жаракат алган. 190 имарат толук кыйрап, 856 курулуш объекти олуттуу зыянга учураган. Издөө-куткаруу иштеринин алкагында 6 миң 462 адам куткарылган. Жалпы 27 миң 398 адам медициналык жардам алган. 86 миң 749 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлүп, жабыркагандарга 9 миң 603 тонна азык-түлүк берилген.

Эске салсак, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки жер титирөө катталган. Андан кийин 700дөн ашуун афтершок (кайталанган жер титирөөлөр) болгон.

Эң чоң кыйроолор Ла-Гуайра шаарында, ошондой эле Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында катталган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: