Telegram’дын негиздөөчүсү Павел Дуров Парижде кайрадан суракка чакырылды
Telegram мессенжеринин негиздөөчүсү Павел Дуров Франциянын борбору Парижде кайрадан суракка чакырылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Сурак 6 сааттан ашык убакытка созулган. Бул Дуровго 2024-жылы уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу айып тагылгандан бери 4-сурак болуп эсептелет.
Дуровдун жактоочулары анын үстүнөн козголгон иш боюнча айыптарды тастыктаган жетиштүү далилдер азыркыга чейин жок экенин билдиришти. Алардын айтымында, бул иш боюнча Франциянын жана Европанын сотторуна апелляциялар да берилген.
Белгилей кетсек, буга чейин Орусия бийлиги да Дуровго карата "терроризмге көмөктөшкөн" деген айып менен кылмыш ишин козгогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















