Иран Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объекттерге сокку урду
Бүгүн, 9-июлда чет элдик маалымат булактары Иран АКШнын акыркы соккуларына жооп катары Бахрейн менен Кувейттеги америкалык аскердик объекттерге сокку урганын жазышты.
Маалыматка ылайык, 8-июлда эртең менен Бахрейн менен Кувейтте аба коңгуроосу жаңырып, бир нече жардыруу катталган. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу чабуулдар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алып, бул аракет АКШнын Иран аймагына жасаган соккуларына жооп болгонун билдирген.
Ошол эле учурда Кувейттин Тышкы иштер министрлиги чабуулдарды айыптап, алар Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну күчөтөрүн белгилеген. Ал эми Тегерандын Тышкы иштер министрлиги аймактагы мамлекеттерди өз аймагын Иранга каршы пайдаланбоого чакырды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















