Жасалма интеллект алмаштырышы мүмкүн болгон кесиптер аталды
Австралиянын өкмөтү жасалма интеллекттин эмгек рыногуна тийгизген таасири боюнча алгачкы улуттук баяндамасын жарыялады. Анда интеллектуалдык эмгек менен алектенген адистер эң чоң тобокелдикке кабылары айтылат.
Jobs and Skills Australia уюмунун отчётуна ылайык, ЖИнин таасирине эң көп дуушар болушу мүмкүн болгон кесиптердин катарына колл-борборлордун кызматкерлери, бухгалтерлер, жарнама жана маркетинг адистери, кеңсе кызматкерлери, администраторлор, чекене соода тармагынын менеджерлери жана программалык камсыздоону иштеп чыгуучулар кирет. Изилдөөдө бул кесиптерде көбүнчө аялдар жана жогорку билимдүү адистер эмгектенерин белгиленген.
Автоматташтырууга эң аз дуушар боло турган кесиптердин катарына электриктер, куруучулар, жүк ташуучу унаалардын жана атайын техникалардын айдоочулары, улгайган адамдарды караган адистер, тазалоочулар жана багбандар киргизилген.
Ошол эле учурда баяндамада Австралияда жасалма интеллекттен улам жумуш орундарын массалык түрдө кыскартуу азырынча байкалбаганы белгиленет. Бирок ЖИнин таасирине көбүрөөк дуушар болгон кесиптердеги жумуш менен камсыз болуу көрсөткүчү башка тармактарга салыштырмалуу жайыраак өсүүдө. Алсак, 2022-жылдын аягынан 2026-жылдын башына чейин эң аз тобокелдиктеги тармактарда иштегендердин саны 9,5 пайызга көбөйсө, ЖИ таасирине көбүрөөк кабылган тармактарда өсүү 5,6 пайызды түзгөн.
Австралиянын жумуш менен камсыз кылуу министри Аманда Ришворт өкмөт жасалма интеллектти жумуш орундарын кыскартуу үчүн эмес, тескерисинче, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн пайдаланууну көздөп жатканын билдирген. Анын айтымында, бийлик жарандардын эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө ыңгайлашуусуна жардам берүү үчүн окутуу жана кайра даярдоо программаларына инвестиция салууну улантат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















