Венесуэладагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 3811 адамга жетти
Бүгүн, 9-июлга карата Венесуэладагы күчтүү жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 3811 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын спикери Хорхе Родригес билдиргенин чет элдик маалымат агенттиктери жазышууда.
Маалыматка ылайык, кырсыктан 16 миңден ашуун адам жаракат алып, 6462 адам куткарылган.
Эске салсак, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө катталган. Кырсыктан имараттар урап, борбор шаар Каракаста дүрбөлөң жаралган. Расмий маалымат боюнча, 16,5 миңден ашык адам жаракат алып, көптөгөн тургундар үй-жайсыз калган. Табигый кырсыктан 190 имарат толугу менен талкаланып, дагы 856 имарат олуттуу зыянга учураган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:29
2026-07-27
9:25
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















