Катар Иран менен АКШны диалог жүргүзүүгө чакырды
Катардын премьер-министри жана тышкы иштер министри шейх Мухаммед бен Абдель Рахман Аль Тани Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Катардын ТИМине таянып, эл аралык басылмалар жазышты.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Катардын ТИМ башчысы Тегеран менен Вашингтонду диалог жүргүзүүгө жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумдун шарттарын аткарууга чакырды.
Тараптар ошондой эле АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик чыңалууну талкуулашты. Мухаммед бин Абдулрахман Аль Тани жакында Ормуз кысыгы аркылуу өткөн соода кемелерине жасалган чабуулдарды айыптап, мындай аракеттер ишенимге доо кетирип, эл аралык деңиз каттамдарынын коопсуздугуна коркунуч жаратарын жана аймактагы туруктуулукту чыңдоо аракеттерине зыян тийгизерин белгиледи.
Эске салсак, 18-июнда Иран менен АКШ аралыктан өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан. Документте 28-февралда башталган аскердик жаңжалды токтотуу каралган. Ошондой эле меморандум АКШнын деңиз блокадасын алып салуу жана Ирандын Ормуз кысыгы аркылуу кеме каттамын калыбына келтирүү мөөнөттөрүн аныктамак.
24-июнда АКШ менен Ирандын ортосунда кыска мөөнөткө токтотулган техникалык сүйлөшүүлөр кийинки жумада кайра жанданары маалымдалган. Тараптардын сүйлөшүүлөрү Пакистан менен Катардын ортомчулугу алдында өтүп жаткан.
Бирок июнь айынын аягында АКШ менен Иран бири-бирине маал-маалы менен сокку уруп, аймакта чыңалуу күчөгөн.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















