Иранда Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты аяктады
Ирандын каза болгон мурдагы жогорку лидери Али Хаменеини акыркы сапарга узатуу зыйнаты анын туулуп-өскөн Мешхед шаарында аяктады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Көчөлөрдөгү элдин көптүгүнөн улам лидердин сөөгү коюлган табыт көрүстөнгө тик учак менен жеткирилген.
Ирандын IRIB мамлекеттик телерадиокомпаниясы билдиргендей, Хаменеинин сөөгү имам Резанын мавзолейине коюлду.
Маркумду жерге берүү зыйнаты бир жумага созулган аза күтүү жүрүштөрү менен жыйынтыкталды. Алар Тегеран, Кум шаарларында, ошондой эле Ирактын Эн-Нажаф жана Кербела шаарларында өттү. Жергиликтүү ЖМКлардын маалыматына ылайык, эскерүү иш-чараларына 40 миллиондон ашык адам катышкан.
Эске салсак, Хаменеи быйыл 28-февралда АКШ менен Израилдин Тегеранга жасаган ракеталык соккуларынан каза болгон.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















