Барселонада күндүн ысыгы рекорддук көрсөткүчкө жетти
Испаниянын Барселона шаарында абанын табы рекорддук көрсөткүчкө жетип, акыркы 112 жылдагы эң жогорку температура катталды. Бул тууралуу "The Guardian" басылмасы билдирди.
Маалыматка ылайык, калаада абанын табы +40,7 градуска жеткен. Бул көрсөткүч кечээ катталып, Барселона үчүн акыркы 112 жылдагы эң жогорку температура болуп калды.
Коңшу Францияда да аптаптуу ысык өкүм сүрүүдө. Өлкөнүн ички иштер министри Лоран Нуньес аномалдуу ысыктын кесепетинен Францияда 300дөн ашуун токой өртү катталганын билдирди.

Мындан тышкары, бейшемби күнү Англиянын бир катар аймактарында абанын температурасы +32 градустан ашты. Ал эми Лондондо абанын табы +34 градуска чейин көтөрүлөрү күтүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















