Марокконун жеңилүүсү Европада массалык тополоңго себеп болду
Дүйнө чемпиондугунда Франциядан 2:0 эсебинде жеңилгенден кийин Марокконун жүздөгөн күйөрмандары Европанын бир катар шаарларында баш аламандык уюштурушту.
Социалдык тармактарга тараган видеолордон Лондондо полиция менен күйөрмандардын кагылышуусу, көчөлөрдүн таштандыга толгону көрүнөт. Кагылышуу учурунда бир полиция кызматкери жаракат алган.
Ушундай эле окуялар Нидерланддын Гаага шаарында да катталган. Күйөрмандардын аракетинен улам жергиликтүү бийлик бир нече негизги жолду убактылуу жапкан.
Ал эми Франциянын күйөрмандары команданын жеңишин майрамдоо үчүн көчөгө чыгышкан. Коопсуздукту камсыздоо максатында Парижде полиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, Елисей талаалары көзөмөлгө алынды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:02
2026-07-27
15:15
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















