Орусия Венесуэлага гуманитардык жардам тапшырды
Орусия жер титирөөдөн жабыркаган Венесуэланын Ла-Гуайра штатына гуманитардык жардам тапшырды. Бул тууралуу "Коммерсанть" басылмасы жазды.
"Бүгүн биз бул жерде иш алып барган компанияларыбыздын бири менен биргеликте аталган штаттын өкмөтүнө Венесуэладан сатылып алынган гуманитардык жардамды өткөрүп бердик. Анын ичинде электр генераторлору, дары-дармектер, азык-түлүк, ичүүчү суу жана биринчи зарылдыктагы буюмдар бар",- деген Орусиянын аталган өлкөдөгү элчиси Сергей Мелик-Багдасаров.
Элчинин айтымында, жакын арада Венесуэлага Орусиянын мамлекеттик гуманитардык жардамы да жеткирилет.
Эске салсак, 24-июнда Венесуэлада күчү 7,2 жана 7,5 баллга жеткен эки ири жер титирөө катталган. Акыркы маалымат боюнча, кырсыктан 3889 адам каза болду. Дагы 16,7 миң адам жабыркап, болжол менен 18 миң адам турак жайсыз калды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















