Түндүк Корея аскердик чалгын кызматын күчөтүүдө
Бүгүн, 10-июлда Түндүк Кореянын аскер жетекчилигине Башкы маалыматтык-чалгындоо башкармалыгынын ишмердүүлүгүн күчөтүү жана анын милдеттеринин чөйрөсүн кеңейтүү боюнча жаңы тапшырмалар берилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
KЭАК (Кореянын Борбордук телеграф агенттиги) агенттигинин маалыматына ылайык, Кореянын Эмгек партиясынын Борбордук аскердик комитети чалгындоо кызматынын милдеттерин кеңейтүү боюнча негизги багыттарды бекитти. Чечим потенциалдуу атаандаштардан келген коркунучтарды нейтралдаштыруу жана маанилүү чалгын маалыматтарын натыйжалуу чогултуу зарылдыгы менен түшүндүрүлдү.
Ал эми Түштүк Кореянын "Ренхап" агенттиги Түндүк Кореядагы "потенциалдуу душман" биринчи кезекте Түштүк Корея деп эсептелерин толук негиздеп чыкты. Басылманын маалыматына ылайык, жаңы чаралар түштүк багытындагы чалгындоо иштерин күчөтүүгө багытталган, бирок аларды ишке ашыруу механизми азырынча ачыктала элек.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















