super.kg logo

Кытайда бут кийим фабрикасындагы өрттөн 28 адам каза болду

 

Кытайдын Цзиньцзян уездиндеги "Huiteng Shoes" компаниясына таандык бут кийим фабрикасында өрт чыкты. Анын кесепетинен 28 адам каза болгонун "Синьхуа" агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан учурда имаратта 237 жумушчу жана жеткирүү кызматынан эки кызматкер болгон. Жалпысынан 213 адам эвакуацияланып, алардын экөө ооруканада каза тапкан. Мындан тышкары, дайынсыз жоголгон деп эсептелген 26 адамдын каза болгону тастыкталды.

Куткаруу иштерине 500дөн ашуун өрт өчүрүүчү тартылган. Фуцзянь провинциясынын бийлиги кырсыктын кесепеттерин жоюу, анын себептерин аныктоо жана күнөөлүүлөрдү табуу үчүн атайын штаб түздү.



Полиция шалаакылыкка шектелип компаниянын ээсин жана дагы бир нече кызмат адамын кармады. Компаниянын эсептери тоңдурулду, териштирүү иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: