Казакстан Кыргызстандагы элчисин алмаштырды
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бир катар өлкөлөрдөгү элчилерди алмаштыруу боюнча жарлыктарга кол койду.
Жергиликтүү басылмалар билдиргендей, ага ылайык, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Рапиль Жошыбаев кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин кеңешчиси болуп иштеген Абылкаир Скаков дайындалды.
Ошондой эле Токаев Катар, Венгрия, Сербия, Армения, Индия жана дагы бир катар өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөргө жаңы дайындоолорду жүргүздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:15
2026-07-27
14:35
2026-07-27
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















