super.kg logo

Эбола вирусу Конгонун дагы эки провинциясында катталды 

 

Конго бийлиги эбола вирусу тараган аймактардын катарына Чопо жана Жогорку Уэле провинцияларын кошту. Бул тууралуу өлкөнүн саламаттык сактоо министри Роже Камба билдирген.

Айтымында, бул провинцияларда вирустун 2 учуру катталган.

Өлкөдө 1800дөн ашык адам вирусту жуктуруп алган. Анын ичинен 625 жаран каза болгон.

Эске салсак, май айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Борбордук Африкадагы эбола вирусунун жайылышына байланыштуу өзгөчө кырдаал жарыялаган. Оорунун очогу өлкөнүн чыгышындагы Итури провинциясында катталган. Кийинчерээк вирус коңшулаш Түндүк Киву жана Түштүк Киву провинцияларына, ошондой эле Уганда аймагына тараган.

Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конгодо эбола вирусунун Бундибугио штаммын жуктурган бейтаптарды дарылоонун жаңы ыкмаларынклиникалык жактан изилдене баштаганын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: