Али Хаменеинин сөөгү мүрзөгө тик учак менен жеткирилди
Ирандын мурдагы жогорку лидери Али Хаменеи туулган шаары Мешхедде акыркы сапарга узатылды.
Чет элдик басылмалардын маалыматы боюнча, маркумдун сөөгү көчөлөрдөгү элдин көптүгүнөн улам жаназа өтүүчү жайга тик учак менен жеткирилген. Ал Имам Реза атындагы мүрзөгө коюлду.
Аны акыркы сапарга узатуу аземдери Тегеран, Кум шаарларында жана Ирактагы Эн-Нажаф, Кербела шаарларында бир жума бою өтүп, ага миллиондогон адам катышканы айтылды.
Эскерте кетсек, 86 жаштагы Али Хаменеи 28-февралда резиденциясына жасалган соккудан каза болгон. Ал 1979-жылдагы Ислам революциясынын негизги лидерлеринин бири болуп, 1989-жылдан тарта Ирандын жогорку лидери кызматын аркалап келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















