Актөбөдө катуу шамалдан улам 3 адам жабыркады
Бүгүн, 10-июлда Казакстандын Актөбө облусунда катуу шамалдын кесепетинен байланыш мунарасы кулап, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Актөбө облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти билдирди.
Окуя Байганин районунун Карауылкелди айылында болгон. Маалыматка ылайык, металл байланыш мунарасы бир кабаттуу дүкөндүн үстүнө кулап түшкөн. Жабыркагандар райондук ооруканага жеткирилип, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөн.
Актөбө облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаменти куткаруу иштерин жүргүзүп, шамалдан жабыркаган башка имараттар боюнча да маалыматтар такталууда.
Учурда адистер келтирилген чыгымды эсептеп жатышат. Ошондой эле электр энергиясын жана мобилдик байланышты калыбына келтирүү үчүн атайын бригадалар иштеп жатышат.
Аймакта атайын комиссия түзүлүп, кырдаалды баалоонун жыйынтыгына жараша жергиликтүү өзгөчө кырдаал режими киргизилеби же жокпу, чечим кабыл алынат.
Актөбөдө катуу шамалдан улам 3 адам жабыркады
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















