super.kg logo

Израил АКШнын Иранга каршы соккуларына кошулууга даяр экенин билдирди

 

Израилдик ЖМКлардын маалыматына караганда, эгер АКШ жардам сураса, Израил Иранга каршы аскердик соккуларга кайрадан кошулууга даяр.

Израилдик булактын айтымында, өлкө буга чейин АКШны колдой турганын далилдеген жана зарыл болсо, мындай кадамды дагы кайталоого даяр.

Эске салсак, июнь айынын ортосунда Тегеран менен Вашингтон аскердик жаңжалды токтотууну караган меморандумга кол коюшкан.

Бирок 8-июлга караган түнү АКШ Иранга каршы соккуларды кайра жандандырды. Президент Дональд Трамп муну Ирандын Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге каршы аракеттерине жооп катары түшүндүрүп, мындай окуялар кайталанса чабуулдар күчөтүлөрүн эскерткен.

Өз кезегинде Иран АКШнын Жакынкы Чыгыштагы аскердик объекттерине сокку уруп жатканын билдирүүдө. Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги Вашингтондун аракеттерин жетишилген келишимдерди одоно бузуу катары баалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: