super.kg logo

"Тез Жет" авиакомпаниясынын лицензиясы жокко чыгарылды

 

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги "Тез Жет" авиакомпаниясынын лицензиясын жокко чыгарды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим 7-июлда "Манас" эл аралык аэропортунда Бишкек–Ош багыты боюнча багыт алып, авариялык конуу жасаган учакка байланыштуу кабыл алынды.

"Окуя боюнча расмий иликтөө башталып, ошол эле учурда авиакомпанияга пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүлдү.Текшерүүнүн жыйынтыгында учуулардын коопсуздугуна түздөн-түз таасир этүүчү авиациялык мыйзамдардын олуттуу бузулуштары аныкталды. Мыйзам талаптарын бузган авиакомпанияга карата катуу чаралар көрүлөт",- деп белгиленген маалыматта.

Ошондой эле өлкөдөгү бардык авиакомпанияларга карата пландан тышкаркы инспекциялык текшерүү жүргүзүү чечими кабыл алынды. Окуя боюнча расмий иликтөө уланууда.

Эскерте кетсек, 187 жүргүнчүсү бар "Тез Жет" авиакомпаниясына таандык учак 7-июлда авариялык конуу жасаган. Анын кесепетинен учактын күйүүчү майы төгүлүп, "Манас" эл аралык аэропорту бир түн ишин токтоткон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: