super.kg logo

Иран Израилди АКШнын соккуларына кошулбоого чакырды

 

Иран Израилди АКШнын мүмкүн болгон аскердик соккуларына кошулуудан карманууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Өлкөнүн инфраструктурасына жасалган ар кандай чабуулга ушундай эле жооп кайтарыларын Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин катчысы Мохаммад-Багер Зольгадр билдирди.

Буга чейин Израилдин бийлиги өлкөнүн Коргоо армиясы (ЦАХАЛ) толук күжүрмөн даярдыкка келтирилгенин маалымдаган. Ал эми New York Post басылмасы Израил АКШ менен биргеликте Иранга жаңы соккуларды урууга даяр экенин жазган.

«Ирандын инфраструктурасына жасалган ар кандай чабуулга дал ошондой жооп берилет. Израил да жооп чараларынан четте калбайт», — деп айтылат Ирандын Улуттук коопсуздук боюнча жогорку кеңешинин билдирүүсүндө. Бул тууралуу Fars маалымат агенттиги кабарлады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: