АКШнын акыркы соккуларынан Иранда каза болгондор 17 адамга жетти
АКШнын Иранга жасаган акыркы аба соккуларынан каза болгондордун саны 17 адамга жетип, 100дөн ашуун адам жаракат алганын Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Хосейн Керманпур билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Анын айтымында, 8-9-июлда өлкөнүн алты шаарына жасалган аба соккуларынан 115 адам жаракат алган, алардын арасында эки аял бар. Жабыркагандардын 14үнө операция жасалып, 102 адамга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин үйлөрүнө чыгарылган. Тилекке каршы, 17 адам каза болуп, алардын бири аял болгон.
8-9-июлда АКШнын аскер күчтөрү Иранга бир катар ири аба соккуларын жасаган. АКШнын Борбордук командачылыгы бул аракетти Ормуз кысыгы аркылуу өткөн коммерциялык кемелерге каршы Ирандын аракеттерине жооп катары түшүндүргөн.
Өз кезегинде Ирандын аскер күчтөрү Кувейт, Бахрейн жана Иорданиядагы АКШнын аскердик базаларына сокку урган.
Бул Иран менен АКШнын ортосунда июнь айынын ортосунда согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу меморандум түзүлгөндөн кийинки экинчи ири чыңалуу болуп саналат. Ошол эле учурда АКШнын президенти Дональд Трамп ок атышууну токтотуу режими мындан ары күчүндө эмес экенин билдирген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















