Иран АКШ базаларына жасалган чабуул боюнча маалымат берди
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу дүйшөмбү күнү Вашингтондун соккуларына жооп катары Иорданиядагы, Кувейттеги жана Бахрейндеги АКШнын базаларындагы буталарга чабуул жасалганын жарыялады.
Билдирүүгө караганда, Иорданиядагы Принц Хасан аба базасында бир нече ири курал-жарак кампалары бутага алынган. Кувейтте Али Аль-Салем аба базасындагы Patriot зениттик-ракеталык системдери жана Ахмед Аль-Жабер аба базасындагы стратегиялык FPS радар системи жок кылынган. Бахрейндеги АКШнын бешинчи флотунун базасына да соккулар жасалган.
Тегеран соккуларды АКШнын дүйшөмбү күнү Ирандын жээктеги аскердик базаларына жасаган чабуулдарына кайтарылган жооптун биринчи этабы гана деп атады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















