"Кесепети өтө оор болот". БУУнун баш катчысы Иран менен АКШга кайрылды
Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Перс булуңундагы чыңалуунун күчөшүнө терең тынчсыздануусун билдирип, Иран менен АКШны тез арада сүйлөшүүлөрдү жандандырууга чакырды.
Ал бул тууралуу 12-июлда Х социалдык тармагындагы баракчасына жазды.
Гутерриштин айтымында, Ирандын Ормуз кысыгындагы кемелерге жасаган чабуулдары, АКШнын Иранга соккулары жана Ирандын коңшу өлкөлөрдөгү объектилерге жасаган чабуулдары аймактагы абалды кескин курчутту.
"Бул кол салуулардын баары токтошу керек. Толук масштабдагы согуштук аракеттердин кайра башталышы аймактагы элдер, эл аралык тынчтык жана коопсуздук, ошондой эле дүйнөлүк экономика үчүн кыйраткыч кесепеттерге алып келет", – деди БУУнун баш катчысы.
Эске салсак, жаңжалдын жаңы баскычы Ирандын контейнер ташуучу кемеге кол салуусунан жана Ормуз кысыгы жабыларын жарыялагандан кийин башталган. Андан соң АКШ Ирандагы бир катар объектилерге сокку урса, Иран Жакынкы Чыгыштагы АКШнын өнөктөштөрүнө каршы чабуул жасаган.
АКШ президенти Дональд Трамп Ормуз кысыгы кеме жүрүүсү үчүн ачык бойдон калганын билдирип, америкалык аскерлер Ирандагы объектилерге сокку урганын айткан.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















