Сынык канат (ташталган баланын тагдыры тууралуу баян)
(Башы өткөн сандарда)
Атам экөөбүздүн биринчи жолугушуубуздан кийин жашоом акырындык менен өзгөрө баштады. Ал күнү мен аны “кечирдим” деп айта алган эмесмин. Кечирим бир эле сүйлөм менен келе калчу нерсе эмес экен. Ал жүрөктөн чыккан сезим болчу. Бирок аталык мээримге зар болгон жүрөгүм аны кабыл алууга даяр экен.
Камчы жакшы болуп калды, аны Азиза көзүнүн карегиндей карап жатты. Экөөнүн чыныгы мамилесин көргөндөн кийин атам деле каршы боло албады окшойт. Мен ал кишини жакындан билген сайын таң каларлыктай жакындай баштадым. Аны менен отуруп көп сүйлөшкүм келчү. Бирок айта алчу эмесмин. Мен ага бере турган көп суроолорум бар эле. Атам шаардан кеткенге эмнегедир шашкан жок, күн алыс мага телефон чала баштады. Башында телефонума чалуу келгенин көргөн сайын жүрөгүм дүкүлдөп кетер эле, кийин токтоо эле кабыл ала баштадым. Атасы кызына телефон чалат да. Бир күнү экөөбүз паркта жолуктук.
– Тамчы, убактың болсо бир аз сүйлөшөлү,- деди ал.
Мен унчукпай башымды ийкедим. Экөөбүз көпкө чейин үн катпай басып жүрдүк. Ал мени шаштырган жок, өзүн актаган да жок.
– Кызым,- деди бир маалда. – Мен жоготкон жылдарды кайтарып бере албайм. Бирок калган өмүрүмдө сага ата болууга уруксат берсең кубанычта болом.
– Ата болуу үчүн уруксат эмес, аракет керек,- дедим.
– Аракет кылам. Ар бир күнү аракет кылам,- деди ал.
Ошондон кийин дагы жакындай түштүк. Туулган күнүмдө эң биринчи куттуктаган адам атам болду. Мен ооруп калсам, дароо кабар алып турду. Ийгиликтериме менден кем кубанбай калды. Кээде жөн эле “кандайсың, кызым? Тамак ичтиңби?” дечү. Анча-мынча колунан келгенчелик акча да которуп жатты. Атасы менен жашаган ар бир кызга жөнөкөй көрүнгөн ушул нерселер мен үчүн чоң бакыт эле. Анткени бала кезде эңсеген аталык мээримди азыр алып жаткан элем. Атамды көргөн сайын жүрөгүмдө мурдагыдай таарыныч эмес, жылуулук пайда болот. Кээде аны “ата” деп чакырганымда ал жылмайып, көзүнө жаш алып кетет. Балким, ал да бул сөздү көп жыл күтсө керек. Мен аны кечирдим. Кечиргеним үчүн өткөнүм өчүп кеткен жок. Өксүк болгон балалыгым унутулган жок. Бирок жүрөгүм жеңилдеп калды. Ошондой болсо да ичимде көп суроолор бар болчу, муну атам да сезди. Бир жолу шаарга келгенде “Тамчы, бүгүн сага көп жылдан бери жашырып жүргөн чындыкты айтып берейин” деди.
Мен үн катпай аны карап отурдум.
– Сен дайыма “Эмнеге бизди таштап кеттиң?” деп сурагың келет. "Эмнеге Камчыны алып калдың, мени апам менен кетирдиң?" деген суроо турат. Бул аябай чиеленишкен окуя, кызым. Чындыгын айтсам, сенин апаңды сүйбөй калганым үчүн ажырашкан жокмун.
– Анда эмне болду?
– Биздин үй-бүлөгө менин апам көп аралаша берчү. Ал сенин апаңды эч качан толук кабыл алган жок. Анткени ал каалаган кызга үйлөнбөй, апаңа үйлөнгөн элем. Ар бир майда нерседен кемчилик издеп, экөө көп келишпей калды. Апаң дагы ага толук баш бербей койду. Апам аябай өкүм аялзаты болчу... Башында мен экөөнүн ортосундагы маселени чечем деп ойлогом. Бирок алсыздык кылдым. Апамдын сөзүнө көбүрөөк кулак салып, жубайымды жетиштүү коргой алган жокмун.
Жүрөгүм ооруп кетти.
– Апам көп ыйлачу беле?- дедим.
– Ооба, кызым,- деди ал башын жерге салып. Мен аны аябай кыйнап койдум. Мен дагы бала экенмин, “апамдын айтканы мыйзам, ошого көнүп койсо эмне болмок эле” деген таарынычым бар эле. Апамдын чектен чыгып адилетсиздик кылып жатканын көрсөм да, апам жакты карап туруп алдым. Аныкы дайыма туура деп эсептедим. Бул апаңды аябай жаралады. Ал мен деп көп нерседен баш тартканын билсем да, апамдын алдында аны коргой албадым. Эркектин апасына болгон сүйүүсү кызыктай болот. Анын туура эмес кылганын сезип турсам да үн чыгара албадым.
– Анан эмне болду?
– Уруштар көбөйдү. Сенин апаң акыры чарчады. Ажырашканга аргасыз болдук.
– Демек, чоң энемдин кийлигишүүсү да себеп болгонбу ажырашканыңарга?
– Ооба, болгон. Бирок, Тамчы, бир нерсени эч качан унутпа. Баарын апама шылтай албайм. Акыркы чечимди мен кабыл алдым. Үй-бүлөмдү сактап кала албаганым үчүн жоопкерчилик менде. Жолдош катары да, ата катары да күчтүү боло алган жокмун. Эң чоң күнөө менде. “Балдардын экөөсүн тең алып кетем” деди апаң. Бирок шаар болсо, жардам бере турган эч кимиси жок эле, кыйналып калмак. Андан да башкы себеп – менин апам Камчыны талашып туруп алды. Сот менен болсо да баланы андан зордоп алып калды. Ошентип эгиз балдарымдын бири апасы менен кетти, бири менин апамдын колунда калды. Апам туура эмес кылган экен, жыл айланбай эле ал каза болуп калды. Мен анын аманатын аткарып, ал каалаган кызга үйлөндүм. Апаң муну укканда аябай ыйлаган экен, муну мага анын жакын курбусу айтты.
– Апам сизди дагы деле жакшы көрчү беле?
Атамдын көзүнө жаш толду.
– Мен анын сүйүүсүнө татыксыз болдум. Апаңдын алдында ушунчалык күнөөлүү болчумун. Ал күнөөнүн оордугунан сени издей албадым. Апаң көз жумганын укканда нес болуп калдым. Жаш эле да. Сенин жалгыз калганыңды билдим, бирок анда да чечкиндүү кадам жасай албадым. Мага караганда эгизиң Камчы чечкиндүү экен. Сени издеп тааптыр, ага өмүр бою ыраазымын. Мына ушундай сенин атаң, кызым. Чындык ушундай, сенин чечкинсиз, эзилген, тагдырын өзү башкара албаган бир атаң бар.
– Азыр бактылуусуңбу?
– Жаман-жакшы болобу бир өмүр өтүп жатты. Шүгүр кылам, ак эмгегим менен жашадым. Балким, ушул бакыттыр. Бир кезде мага апаң бакыт болчу, андан кийин андай даамды сездимби, сезбедимби билбейм...
Бир топко чейин экөөбүз тең сүйлөй алган жокпуз. Акыры мен ага карадым.
– Эми мени да уксаңыз болобу, ата?
Ал башын ийкеди.
– Албетте, кызым.
– Сиз биздин жашоодон кеткенде мен кичинекей элем. Эч нерсени түшүнчү эмесмин. Бирок бир нерсени жакшы түшүнчүмүн, үйүбүздөн бир адам жок болуп калганын. Кечинде эшик тыкылдаса, чуркап барып аччумун. “Балким, атам келгендир” деп үмүт кылчумун. Бирок ар бир жолу башка бирөө болуп чыкчу. Апам болсо мени капа кылбайын деп дайыма жылмайчу. Бирок түнкүсүн анын акырын ыйлаганын көп жолу уккам. Мени уктап жатат деп ойлочу. Бирок мен баарын укчумун.
Атам эки колу менен жүзүн басып калды. Ыйлап жаттыбы, билбейм.
– Апам эртең менен эрте туруп ишке кетчү. Кечинде чарчап келсе да мага тамак жасап, сабагымды карап, чачымды тарап, жомок айтып берчү. Өзү чарчаса да, мага эч качан чарчадым дебеди.
Уландысы шилтемеде.
0


Супер-Инфо
super.kg видео
















