Президенттин жалгыз кызы коомчулукка биринчи жолу чыктыбы?
Соцтармактарда президент Садыр Жапаровдун кызынын Ысык-Көлдө тартылган видеосу тарап жатат. Анда ал "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга биринчи айым Айгүл Жапарованын атынан белектерди тапшырган.
Муну менен өлкө башчысынын кызы коомчулукка биринчи жолу чыгып жаткан жок. Эске салсак, президенттин кызы былтыр 25-апрелде ата-энеси менен бирге Ала-Арча паркындагы көчөт отургузуу иш-чарасына катышкан. Деген менен бул анын өз алдынча коомчулукка чыккан биринчи учуру десек болот.
Мамлекет башчысынын жалгыз кызы коомчулукка көп чыкпайт. Ошондуктан ал тууралуу ачык булактарда маалыматтар абдан аз. Анын аты Жанайым. Учурда 21 жашта. Жанайым Жапарованын Түркияда билим алганы тууралуу маалыматтар бар.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















