Иран: АКШ Ормуз кысыгын башкаруу механизмин түзүүгө тоскоол болууда
Бүгүн, 13-июлда Ирандын тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Исмаил Багаи АКШ Иран менен Омандын Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин коопсуз өтүшүн камсыз кылуучу биргелешкен механизм түзүү аракеттерине тоскоол болуп жатканын билдирди.
Анын айтымында, Тегеран Оман менен биргеликте кысыктагы кемелердин коопсуздугун камсыз кылуу жолдорун талкуулаган. Бирок АКШнын Оманга көрсөткөн басымы бул аракеттердин ишке ашпай калышына себеп болгон.
Багаи Иран Ормуз кысыгын өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч жараткан аймакка айлантууга жол бербей турганын белгиледи. Ал ошондой эле АКШнын аймактагы аракеттери коопсуздукка шек келтирип жатканын айтты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















