Түштүк Кореянын мурдагы президенти кошумча эки жылга эркинен ажыратылды
Сеул райондук соту Түштүк Кореянын мурдагы президенти Юн Сок Ёлду саясий каражаттар жөнүндө мыйзамды бузган деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Тергөөчүлөр мурдагы президенттин 2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын мартына чейин "Келечек Кореяны изилдөө институтунун" негиздөөчүсү, ишкер Мён Тэ Кюндан 14 коомдук пикирди сурамжылоону бекер жүргүзүүгө буйрук бергенин аныкташкан.
Укук бузуу президенттин эркин сурамжылоолор үчүн ишкердин парламенттик талапкерлигин колдоого убада берүүсүнөн турган.
Натыйжада Юн Сок Ёл кошумча эки жылга эркиндигинен ажыратылып, болжол менен 9300 доллар өлчөмүндөгү акчасы конфискацияланды.
Февраль айында Түштүк Кореянын соту Юн Сок Ёлду 2024-жылы өлкөдө аскердик абалды жарыялоодогу ролу үчүн өмүр бою эркинен ажыраткан. Аскердик абалды киргизүү чечими өлкөнүн тургундарынын арасында нааразычылыкты жаратып, парламент аны тез арада алып салууга добуш берген. Акыр-аягы, Юн Сок Ёл буйрукту алып салууга макул болгон. Андан кийин Түштүк Кореянын парламенти президентке импичмент жарыялоо үчүн добуш берген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















