super.kg logo

Европа чемпиону Владислав Карпачев менен апасынын өлүмү боюнча жаңы маалымат айтылды

 

Бүгүн, 14-июлда Орусиянын маалымат агенттиктери украиналык мушкер, Европа чемпиону Владислав Карпачев жана анын апасынын өлүмү боюнча жаңы маалыматтарды таратышты.

Маалыматка ылайык, спортчунун атасы Игорь Карпачев уулу менен жубайын Донецк облусунун Гришино айылындагы үйдөн ок тийип каза болгон абалда тапкан.

"Жубайым кире бериш жерде атып өлтүрүлгөн бойдон жатты. Андан кийин үйдүн жер төлөсүнө түшсөм, уулумдун сөөгү ошол жерде экен",- деген ал.

Атасы уулу Дүйнө чемпиондугуна активдүү даярданып жатканын жана бул кайгылуу окуя тууралуу кошунасынан укканын айткан.

Окуя болгон жерге келгенде Карпачев кандын издерин жана атылган итти көргөн. Анын айтымында, жубайына 7 автомат огу тийген, ал эми уулуна 5 ок атылган. Ошондой эле мушкер өлөр алдында катуу кыйноого алынганы айтылды.

Игорь Карпачев окуяга Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлеринин тиешеси бар экенин, үйдөн Toyota үлгүсүндөгү унаа, 8 миң доллар жана башка акча каражаттары алынганын кошумчалаган.

Эске салсак, каргашалуу окуя 2025-жылы 26-июнда Донецк облусунун Гришино айылында болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: