Япониядагы төлөм оператору миңдеген ресторанды чыгымга учуратты
Бүгүн, 14-июлда чет элдик басылмалар Япониядагы Zentoshin төлөм операторунун алдамчылыгы миңдеген ресторандарды жана чакан ишканаларды оор абалга кептегенин жазышты.
Маалыматка ылайык, Осака шаарында жайгашкан компания өнөктөш ишканаларга таандык жалпы 5,3 миллиард иенди которбой, миңдеген бизнеске зыян келтирген.
6-июлда Zentoshin дээрлик 115,2 миллиард иен карызы менен чыгым тууралуу арыз берген. Бул Японияда жыл башынан берки эң ири чыгымдардын бири болуп калды.
Тергөөдө компания болжол менен 20 жыл бою финансылык отчётторду бурмалап, эсептердеги каражаттарды жасалма түрдө көбөйтүп көрсөтүп келгени аныкталган. Компаниянын директору Такаяма Мансүке бул фактыларды сотто тастыктаган.
Учурда кеминде 20 миң өнөктөш компания өз каражаттарын ала албай калды. Япониянын Коомдук тамактануу ассоциациясы ресторан ээлерине Zentoshin терминалдарын дароо өчүрүүнү сунуштап, жоголгон каражаттарды кайтарып алуу мүмкүнчүлүгү өтө аз экенин билдирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















