14 жаштагы окуучунун өлүмү: Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды
Бүгүн, 14-июлда Казакстандын Акмола облусунун Целиноград районунда 14 жаштагы мектеп окуучусу Валерия Цындрянын өлүмү боюнча сот чечими чыкты. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражатттары кабарлады.
Сот Владимир Виногронду күнөөлүү деп таап, ага өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын дайындады.
Каргашалуу окуя 2025-жылы ноябрда Акмола облусунун Целиноград районундагы Ынтымак айылында болгон. Маалыматка ылайык, 14 жаштагы 9-класстын окуучусу Валерия Цындря кечинде таанышына бара жаткан учурда шектүү кызга кол салып, ага оор жаракат келтирген. Кыз жардам издеп жакын жердеги дүкөнгө качып кирүүгө жетишкен, бирок алган жаракаттарынан улам каза болгон. Окуядан кийин 34 жаштагы Владимир Виногрон кармалган.
Сот ишти карап чыгып, айыпталуучуну бир нече берене боюнча күнөөлүү деп тапты. Ал жазасын өзгөчө коопсуздуктагы абакта өтөйт. Маркум кыздын апасы соттун чечимин кабыл алганын айтып, кызынын ордун эч ким толтура албасын белгилеген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















