Бостериде 2 милиция кызматкери сууга чөгүп бара жаткан жарандын өмүрүн сактап калышты (видео)
Ысык-Көл облусунун Бостери айылында түнкү кайгуул учурунда милиция кызматкерлери көлдөн жардам сураган адамды куткарып калышты. Алар дароо сууга түшүп, чөгүп бара жаткан 54 жаштагы Ош облусунун тургунун жээкке аман алып чыгышты.
Облус милициясы билдиргендей, жабырлануучуга жеринде алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, андан соң "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда анын абалы канааттандырарлык, өмүрүнө коркунуч жок.
Эрдик көрсөткөн кызматкерлер: Жети-Өгүз РИИБинин өкүлү Ибрагим Жеңишов жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун взвод командири Элдияр уулу Турсунбек.
Бостериде 2 милиция кызматкери сууга чөгүп бара жаткан жарандын өмүрүн сактап калышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:54
2026-07-26
17:54
2026-07-25
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















